Жалал-Абад облусунда “хизбутчу" деп шектелген 7 аял кармалды

Жалал-Абад облусунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү деп шектелген 7 аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 29-сентябрь күнү “Антитеррор” операциясын өткөрүү учурунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун аялдар канатынын 7 активдүү мүчөсүнүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 60 даана “Аль-Вай” журналы, диний-экстремисттик мүнөздөгү 80 даана диск, 47 даана китепче, “Хизбут-Тахрир” уюмуна таандык болгон 57 даана баракча, 17 даана кол жазма баракча, 23 даана жазуу дептери алынган. Азыркы учурда экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан