Улуттук Олимпиада комитети мушкер Азат Усеналиевдин беттешин токтотуп койгон калыстын ишин кароо үчүн Азиянын Олимпиадалык кеңешине кат жолдоду
Кечээ, 29-сентябрда “Инчхон-2014” Азия оюндарында
боксчу Азат Усеналиев пакистандык мушкер менен кез келген. Беттештин биринчи
раундунда Азаттын кашы айрылып кеткенине байланыштуу калыс дарыгерлердин
кийлигишүүсү менен беттешти токтотуп, жеңишти пакистандык мушкерге ыйгарган. Беттештен
кийин дароо КРнын Бокс федерациясы тарабынан калыстар тобуна калыстын ишин
карап чыгуу сунушу менен кайрылуу жолдонгон. Бирок калыстар “пакистандык мушкер атайын
сүзгөн эмес” деген чечим чыгарып беришти. Бүгүн, 30-сентябрда КРнын Улуттук
Олимпиада комитети калыстын ишин кароо үчүн Азиянын Олимпиадалык кеңешине кат
жолдоду. Негизи, эреже бузуу катталган болсо, пакистандык мушкердин мелдештен четтетилүүсү
керек болот. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен
кабарлашты.
Азат Усеналиев пакистандык мушкер менен мушташууда