Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылы М.Абакировдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Сузак районунун 1978-жылы туулган М.Жайчиев аттуу тургуну кармалган. Жүргүзүлгөн оперативдик иш-чаралардын негизинде М.Жайчиевдин кылмыштуу шериги болуп С.Дырылдаев аныкталып, ага карата козголгон кылмыш иши боюнча Сузак РИИБи тарабынан издөө жарыяланган. Үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрь күнү ачылган издөө иши боюнча кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Сузак районунун Кызыл-Кыя айылынын тургуну, 1983-жылы туулган С.Дырылдаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.