Пара алып жаткан жеринен Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милициянын полковниги А.Ж.А. 27-сентябрь күнү 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал жарандан 30 миң сом акча талап кылып, ага тиешелүү маселени оң жакка чечип берүүнү убада кылган. Учурда “пара талап кылуу”, “пара алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.