Кыргызстанда айрым кылмыштар үчүн эркинен ажыратуунун мөөнөтүн кыскартуу сунушталды

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте КРнын мамлекеттик резиденциясында Соттук реформа боюнча кеңештин отуруму өтүп жатат.

Анын жүрүшүндө аталган кеңештин мүчөсү, Кыргыз-Орус Славян университетинин проректору Лейла Сыдыкова Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексинде депенализациялоону (айрым кылмыштарга каралган жазаларды жокко чыгаруу) сунуштады. “Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорго ылайык, эркиндиктен ажыратуунун эң төмөн мөөнөтүн 1 жылга чейин кыскартуу, эң көп мөөнөтүн 15 жылга чейин кыскартуу керек. Ал эми бир нече кылмыштарга максималдуу мөөнөт 20 жыл болушу зарыл”,- деди Сыдыкова.

Мындан тышкары ал бойго жете электерге карата жаза мөөнөттүн кыскартуу керектигин баса белгиледи. “Бойго жете элек адамдарды эркинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтүн 10 жыл, бир нече кылмыштар үчүн 12 жылга чейин өзгөртүү керек. Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорго ылайык, жазалардын басымдуу бөлүгүн санкция салуу, айып пул төлөө жана коомдук иштерди жүргүзүүгө өзгөртүү керек”,- деп кошумчалады Лейла Сыдыкова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан