Социалдык өнүктүрүү министри түрдүү тармакта иштеген карыларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

Бүгүн, 30-сентябрда КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев бир катар жарандар менен жолугуп, Эл аралык карылар күнү менен куттуктап кайтты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр Эл аралык карылар күнү менен Эмгек сиңирген энергетик, бул тармакта жетекчилик кызматта 25 жыл иштеген Төлөн Рахимовду жана анын жубайы, 40 жыл агартуу тармагында иштеген Күлүмкан Жансеркееваны куттуктады. Андан тышкары маданият тармагында көп жылдан бери эмгектенип келген Александр Георгиев жана Лариса Георгиева менен жолугуп, майрамга карата белектерин тапшырды. Ошондой эле Кудайберген Базарбаев социалдык камсыздандыруу министри катары көп жылдар бою эмгектенген Батыш Салиева менен жолугуп, атайын белектерди тапшырды. “Бүгүн биз түрдүү тармактарда эмгектенген карыларды куттуктап жатабыз. Силердин муун биздин мамлекеттин түптөлүүсүн камсыздаган”,- деп белгиледи ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан