Бишкекте Карылар күнүнө карата уюштурулган иш-чарада 60 жыл чогуу жашаган жубайлар сыйланышты

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Улгайган адамдарды куттуктап Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Ленин райондук акимчилигинин өкүлдөрү келишти. Иш-чарада 50-60 жыл чогуу жашаган түгөйлөргө белектер тапшырылды. Концерт уюштурулуп, артисттер, төкмө акын Аалы Туткучев жана бийчилер өнөрлөрүн тартуулашты. 

Марат Аманкулов: “Кадырман аталар, ак элечек энелер, сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз! "Карысы бардын ырысы бар" дегендей, өз күчүңүздөрдү биздин жаркын келечек үчүн жумшадыңыздар. Сиздердин эмгегиңиздер эч качан унутулбайт. Баарыңыздарга таазим кылуу менен чың ден соолук, бакубат жашоо каалайбыз”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2014-09-30 12:31:01
Ар үйдө ак сакалдуу кары болсо, балпайган байбичеси дагы болсо...
Бар болгула, кутман карылар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан