"Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде бейбаштык кылган" деп шектелип 3 кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 21 жаштагы Б.Роман кайрылган. Анда ал түнкү клубдардын биринде белгисиз жарандар 6 даана плафонду, муздаткычты сындырышып, плакаттарды айрып салышканын айткан. Бул кылмышка шектүү делинип ошол эле күнү 20 жаштагы Д.А. жана Б.М., 18 жаштагы Ж.Н. аттуу кыздар кармалышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Келтирилген чыгым такталууда.