Бишкекте жашыруун иш жүргүзгөн казино табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, табылган казино Бишкектеги Ж.Пудовкин көчөсүндөгү кафелердин биринде жайгашкан. Бир канча айдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Ал жерди текшерүү учурунда 2 оюн столу, фишкалар, 40 миң сом акча каражаты алынган. Ошондой эле оюн жайынын ичинде кардарлар жана кызматкерлер болгон. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.