Ысык-Көл облусунун Сары-Мойнок ашуусунда кар көчкү түшүп, бир альпинистти басып калды

Ысык-Көл облусунун Сары-Мойнок ашуусунда кар көчкү түшүп, бир альпинистти басып калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 29-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Сары-Мойнок ашуусунда кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 6 альпинист радиоантенна орнотуп жүрүшкөн. Кар көчкү Майрамбек Абдылдаевди басып калган. Дагы бир альпинист жабыркаган. Издөө иштерин жүргүзүүгө Каракол шаарынан 6, Бишкек шаарынан 10 адам чыккан. 

Айта кетсек, аталган ашуу Каракол шаарынан 140 чакырым, Кум-Төрдөн 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал аймак "Кумтөр" ишканасына караштуу. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан