Камчыбек Ташиев: "КТРК мени "Бакиевдер менен сүйлөшкөн" деп тараткан жалган кабары үчүн сотко келип жооп берсин"
"КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев "Ала-Тоо" маалымат программасынын алып баруучусу Нарын Айып сотко келип кошумча күбө катары жооп берсин". Мындай билдирүүнү 25-январда айыпталуучу депутат Камчыбек Ташиев сот залында билдирди. Депутат 3-октябрда аталган телеканалдан "Ташиев буга чейин Англиядагы Максим Бакиев менен, Беларустагы Курманбек Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн" деген жалган кабардын берилгенин айтат. "Бул сөзүн далилдеп беришсин, мен КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаевдин жана аталган маалыматты тараткан алып баруучунун сотко келип, кошумча күбө катары жооп берүүсүн талап кылам",- деди Ташиев.