4-октябрда Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде борбор шаарда 3-ирет уюшулуп жаткан “Экобаштык-2014” фестивалы болот. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара шаардын тургундарынын көңүлүн экологиялык маселелерге бурууга, шаарды пластик таштандылардан арылтууга багытталат. “Шаардын бардык тургундарын бул иш-чарага катышууга чакырабыз. Биздин максат - элдин экологиялык маданиятын жогорулатуу, Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу”,- деп билдирди уюштуруучулардын бири Алмагүл Осмонова.