Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте мамлекеттик резиденцияда Соттук реформа боюнча кеңештин отуруму өтүп жатат.
Анын жүрүшүндө аталган кеңештин мүчөсү Лейла Сыдыкова Жорук-жосун жөнүндө кодекстин иштелип чыккандыгын билдирди. "Бул кодексте Кылмыш-жаза кодексиндеги өтө оор эмес кылмыштар камтылган. Жаран жасаган жорук-жосуну үчүн жоопкерчиликке тартылса да, ага карата соттолгондугу каралбайт. Анын коомдук иштерге тартылышы күтүлмөкчү. Айта кетсем, эгер жарандын соттолгондугу аныкталса, ал депутат же президент боло албайт",- деп түшүндүрдү Сыдыкова.
Маалым болгондой, аталган кодекстин долбоору Жогорку Кеңешке үстүбүздөгү жылдын октябрынын соңунда сунушталат.