Депутат Дастан Бекешевдин жардамчысы жол кырсыгына туш болуп, жаракат алды

Бишкекте 29-сентябрда жол кырсыгы катталып, андан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин жардамчысы Айдай жеңил жаракат алды. Окуя Чүй көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын тушунда саат 17:20 чамасында болгон. Кылмышка күнөөлөнүп 21 жаштагы Зарина аттуу кыз кармалганын Бишкек ШИИББи кабарлады. Депутаттын жардамчысы өзү SUPER.KG порталына буларды билдирди: 
"Салык кызматынын имаратынын тушунда тротуарда бара жаткам. Бир кыз унаасын бура албай улам артына кылчайып карап жаткан. Жаңы үйрөнчүк го деп койгом. Бир маалда унаасы менен келип бир тийди, кулап түшүп эсимди жоготуп койдум. Жанымдагы киши аны токтотууга аракет кылган, бирок айдоочу кыз качып кетти. Амбулатордук жардам алып, бүгүн жумушка чыктым. Күнөөлүү кыз кармалганын айтышты, кечээ качып кетпей токтоп, кечирим сурап койсо болот эле го. Бүгүн апасы чалып "сүйлөшөлү" деп жатат. Мен сүйлөшпөйм, милицияга арыз бергем. Ал кыздын мыйзам алдында жазаланышын, бул окуя ага сабак болушун каалайм".  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Frunze1
2014-09-30 14:06:53
Туура, жазасын алсын. Кырсыкты кайдан деп болбойт, каш кабактын ордунда кырсык болушу мумкун, бирок озу куноолуу болгон сон келип жардам берип, больницага алып барып анан кечирим сураса жабырлануучу кечирмек.. Адамгерчиликсизин, жоопкерсиздигин корсотуп качып кетип туштон кий
+2
Frunze1
2014-09-30 14:08:20
туштон кийин кечирип кой, суйлошолу дегени акмактыгынан кабар берип турат, эгер бугун катасын тушунбосо келечекте бул сыяктуу окуя кайталанбайт деп эч ким кепил боло албайт, ошол себептуу жазасын алып акылы башына келуусу, акылы менен ойлонууну уйронуусу керек, ал кызга сабак болушу керек...
+3
chyngyz1988
2014-09-30 14:09:11
Туура албетте, мыйзам чегинде жазасын алсын. Айдайдан го качып кетиптир, ал эми Аллахтан эч жакка качып кете албайт да.
0
zman53
2014-09-30 14:29:10
Айдоочулук куболукту сатып алганы билинип турат.Кайсы жерде окуп,кимден окуганын териштирип жазасын чогуу тартса,анан онолот.
+1
Ariet7
2014-09-30 14:32:09
21деги кызга эмнеге айдатат ата энеси машинени чолжоктотуп сатып берип коюшту да праваны да кошуп..копкон байдын кызы го сыягы
+1
nargiz_96
2014-09-30 16:04:10
Ariet7, 18 ден аласын праваны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан