Чүйдө "курал колдонуп казакстандык жана өзбекстандык жарандарды тоногон" деген шек менен бир катар адамдар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкектеги базарлардан Өзбекстанга, Казакстанга аталган мамлекеттердин 16 жараны ар кандай товарларды кичи автобус менен алып бара жатышкан. Чүйдөгү Ленинское айылына келип калган маалда жүргүнчүлөрдүн бири унааны токтотуп сыртка чыккан. Бул учурда кара түстөгү БМВ унаасы келип токтоп, анын ичинен бет капчан, курал кармаган төрт жаран түшкөн. Алардын бири кичи автобустун маңдайкы айнегин атып сындырып, айдоочуну бир нече ирет чаап жиберген. Кылмышкерлер ошол жерден унааны жүргүнчүлөрү менен айдай качып, чет жакадан тономок болушкан, бирок айдоочу унаанын ачкычын ыргытып жибергендиктен, алдынкы катарларда отурган жүргүнчүлөрдү гана тоноп кетип калышкан. Иликтөөдө кичи автобуста кылмышкерлерге маалымат берип турган адам келаткандыгы белгилүү болгон. Аз өтпөй "аталган тоноочулукка катыштыгы бар" деген шек менен бир канча адам кармалган. Учурда катыштыгы бар дагы башка жарандарды издөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.