Ош облусунан эки жылда Сирия мамлекетиндеги согушка 20дан ашуун жаран кеткен. Бул тууралуу 30-сентябрда Ош ОИИБинин басма сөз катчысы
Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы статистика боюнча, Араван районунан 2 жаран, Кара-Суу районунан 1, Ноокаттан 3, Өзгөндөн 2 жаран азыркы тапта Сириядагы согушка катышып жүрүшөт. Жалпысынан 2013-2014-жылдардын аралыгында 20дан ашуун жаран Сирияга кеткендиги аныкталган.