Көмүр жеткирүү үчүн өткөрүлгөн тендер боюнча Башкы прокуратуранын башкаруу бөлүмүнүн башчысы 2 айга камакка алынды

Башкы прокуратуранын башкаруу бөлүмүнүн башчысы 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган. Эми Нуртазин Жетибаев 27-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот.

Айта кетсек, Нуртазин Жетибаев үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында кармалган. Ал “Электр станциялары” ишканасынын коопсуздук кызматынын жетектөөчү адиси Турсунбек Мамбеталиев жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын 1-бөлүмүнүн кызматкери Марсбек Маданбеков менен биргеликте Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүү үчүн өткөрүлгөн тендерде казакстандык “Жезказган энергия сатуу” ишканасынын кызыкчылыгын коргогон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан