Бүгүн, 30-сентябрда Ысык-Көл облусунда жазуучу, драматург Касымалы Жантөшевдин 110 жылдык мааракесине карата иш-чаралар өттү. Бул тууралуу облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Касымалы Жантөшевдин 110 жылдыгы анын эстелигине гүлчамбарларды коюу менен башталып, К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында уюштурулган көргөзмөнү көрүү менен улантылды. Облустук китепкана, ЖОЖ, мектептер тарабынан уюштурулган көргөзмөдө К.Жантөшевдин өмүр жолу, чыгармалары тууралуу кеңири чагылдырылган.
Андан соң музыкалык драма театрынын актёрлору К.Жантөшевдин калемине таандык чыгармалардан (“Каныбек”, “Курманбек”) үзүндүлөрдү аткарып беришти. Жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу видеотасма тартууланды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар, облустук, райондук жетекчилер, студенттер жана облустун жашоочулары катышышты. Мааракенин экинчи бөлүгү жазуучунун туулуп-өскөн айылы - Ак-Суу районундагы Тепке айылында улантылды. Куран окулуп, маданий иш-чаралар менен коштолду.