“Бүгүнкү коомго баштык керек, бирок орду менен колдонсок, экологиялык көйгөйдүн алдын алмакпыз”,- деди бүгүн, 30-сентябрда Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын башчысы Эмил Умаралиев маалымат жыйынынын жүрүшүндө.
“Кыргызда аш-той деген көп болуп, оокаттарыбызды, тамак-аштарыбызды чүпүрөккө, кагаздарга ороп-чулгап келгенбиз. Кийин полиэтилен баштыгын маданияттын, жетишкендиктин сабагы деп ойлогонбуз. Бул баштыктарга чектөө койбосо, экологиялык маселелер келип чыгып жатат. Полиэтилен баштыгы калыңдыгына, салмагына жараша 200 жылдан 500 жылга чейин курчап турган чөйрөдө бузулбай сакталып турат. Аны кайра иштетүүгө жиберип эле жок кылбасак, башка жол жок. Өрттөсөк уулуу заттар чыгып, тиешелүү залакасы тийип жатат. Ааламдашуу заманында "баштык кереги жок" деп чийип сала албайбыз. Бүгүнкү коомго баштык керек, орду менен колдонсок туура болмок. Биздин мамлекет Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондуктан, бул баштыктарга чектөө койгонго мыйзам жол бербейт. Учурда юристтерге кайрылып, тиешелүү аракеттерди көрүүдөбүз”,- деди ал.