Ушул жылы күзгү чакыруу менен мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөгө 4 миңге жакын адам, ал эми альтернативдик кызматка 7 миңге жакын жарандын чакырылуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, күзгү чакыруу кампаниясы 1-октябрдан 31-декабрга чейин өткөрүлмөкчү.
Айта кетсек, аскерге чакырууну сапаттуу жүргүзүү максатында эртең, 1-октябрда КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы “Күзгү аскерге чакыруу-2014” деген аталыштагы маалымат жыйын өткөрөт.