Токмокто 27 жаштагы айымды алысыраак тууганы бычак менен жарадар кылган

Токмокто 27 жаштагы айымды алысыраак тууганы бычак менен жарадар кылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, аймактык ооруканага Токмок шаарынын тургуну болгон айым бычактан жараат алгандыктан кайрылган. Бул тууралуу укук коргоо органдарына кабарланып, аз өтпөй 27 жаштагы айымдын алысыраак тууганы кылмышка шектүү катары кармалган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, туугандардын ортосунда уруш чыгып, анда 27 жаштагы айымды алыскы тууганы бычак менен жарадар кылган. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2014-09-30 18:16:31
Эгер Т.Сыдыкбеков тирүү болгондо биздин замандын кишилерине кандай мүнөздөмө берет эле деп ойлоп жатам...
Улууну улуу дебей, кичүүнү кичүү дебей, тууганды тууган дебей, сый кетип, каада кетип, нарк кетип калган заман болду го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан