Ысык-Көл облусунун Сары-Мойнок ашуусунда кар көчкү басып калган альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 1-октябрда кабарлашты.
Маалыматка караганда, 29-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Сары-Мойнок ашуусунда кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 6 альпинист радиоантенна орнотуп жүрүшкөн. Кар көчкү Майрамбек Абдылдаевди басып калган. Дагы бир альпинист жабыркаган. Издөө иштерин жүргүзүүгө Каракол шаарынан 6, Бишкек шаарынан 10 адам чыккан.
Айта кетсек, аталган ашуу Каракол шаарынан 140 чакырым, Кум-Төрдөн 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал аймак "Кумтөр" ишканасына караштуу.