Кадамжай районундагы өрттү өчүрүү иштери уланып жатат

Кадамжай районундагы өрттү өчүрүү иштери уланып жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 27-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында аталган райондун Майдан айыл аймагында куураган чөп өрттөнө баштаган. Аны өчүрүү иштерине өрт өчүрүүчүлөр, жергиликтүү тургундар тартылган.

Тилсиз жоонун кесепетинен 6 гектар куураган чөп күйгөн. Бүгүн да өрт өчүрүү иштери уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан