30-сентябрда Ош шаарындагы “Алымбек датка” эс алуу борборунда “Мен бармын. Мен өз укугумду билем. Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акция өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан бүгүн, 1-октябрда билдиришти. Иш-чара ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомго адаптациялоо максатында уюштурулган. Ага үй-интернаттын, реабилитациялык борбордун жана бала бакчалардан 500дөн ашуун жаран келип катышты.
Ош шаарынын вице-мэри И.Эргешов: “Иш-чаранын негизги максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген замандаштарыбызды унутта калтырбоо болуп саналат. Албетте, муну менен алардын кемчиликтерин толук толтура албайбыз, бирок ошол эле учурда мындай демилгелерди өнүктүрө бермекчибиз”,- деди.
Акциянын алкагында эстрада жылдыздарынын жана жаш таланттардын катышуусунда концерт коюлду. Кызыктуу оюндар уюштурулуп, балдарга белектер таратылды.