Каржы министрлигинин кызмат адамдары "бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган" деп шектелүүдө

Каржы министрлигинин кызмат адамдары "бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-октябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Эсеп палатасы Каржы министрлигинин кызмат адамдары тарабынан атайын эсептеги каражаттарды мыйзамсыз түзүү жана пайдалануу фактысын ачыктаган. Тагыраак айтканда, Каржы министрлигинин 2012-2013-жылдардагы атайын эсебиндеги 75 миллион 449 миң сом каражаты КРнын “Бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү” жана “Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндөгү” мыйзамдарын бузуу менен пайдаланылып келген. 

Аталган факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kursantbek
2014-10-01 11:48:57
админ мен качан жаран болом 3 июлда катталгам дагые деле жаран болгон жокмун качан болом????
0
admin_portal
2014-10-01 12:13:41
kursantbek, Саламатсызбы!
Жаңы катталган колдонуучу КОНОК болуп саналат жана 100 күндөн кийин гана толук кандуу ЖАРАН болот.
Ал эми сиздин катталганыңызга 88 гана күн болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан