Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери пара бергени үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган министрликтин жарандык коргонуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине 500 доллар пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал муну менен кыймылсыз мүлктү менчиктештирип алуу фактысы боюнча жүрүп жаткан иликтөөнү токтотууну суранган. Учурда Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.