Кечээ, 30-сентябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов Жапалак айыл өкмөтүнүн Гүлбаар-Төлөйкөн айылында 90 орундуу балдар бакчасынын курулушуна капсула салуу аземине катышышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, курулуш иши 8 айга туураланган. 2 кабат болуп курула турган балдар бакчасынын курулушуна 20,4 миллион сом сарпталууда.