"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүү учурунда кенди иштеткен "Центерра Голд" компаниясынын жетекчисинен көп суроолорго жооп ала алган жокпуз",- деди ЖКнын көпчүлүк коалициясынын бүгүнкү, 25-январдагы жыйынында Экономика министри Темир Сариев. Анын айтымында, "Кумтөрдү" текшерүү учурунда комиссиянын мүчөлөрү компаниянын Кыргызстандагы жетекчилиги менен жана "Центерра Голд" компаниясынын башчысы менен жолугушкан. "Кээ бирин эсепке албаганда, көпчүлүк суроолор жоопсуз калды. Биздин эксперттер конкреттүү суроолорду берди, бирок алар суроолорду жазуу түрүндө берүүнү суранышты",- деди Сариев.