Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучусуна кылмыш иши козголду

Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучусуна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан бүгүн, 1-октябрда кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, аталган шаардын мэринин милдетин аткаруучусу Шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен биргеликте эки жаранга 600 чарчы метр жер тилкесин жер комиссиясынын чечимисиз берип салган. Айта кетчү жагдай, жер алуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жер тилкесине муктаж болгон башка адамдар кезекте турушкан.

Учурда аталган окуя боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "КРнын жер мыйзамдарынын бузулушу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан