Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кошмо жыйыны болуп, анда депутаттар кошмо жыйындын президиумун жана төрагасын шайлашты. Депутаттардын көпчүлүк добушу менен кошмо жыйындын төрагасы болуп Көлтөр айылдык кеңешинин төрагасы Темирбек Мырзамамбетов шайланды. Бул тууралуу өкөмттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнү басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Тоң району боюнча 127 депутат болсо, жыйынга 113 депутат катышты. Ошондой эле өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова да жыйынга катышты. Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча бардык райондордо жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кошмо жыйындары жыйынтыкталды. Ал эми келерки аптада 42 айыл өкмөттүн башчыларын шайлоо болот.