Коомдук ишмер өкмөттү сотко басым көрсөтпөөгө жана электр энергиясынын баасы боюнча соттун чечимин аткарууга чакырды

Жарандык активисттер өкмөттү Бишкек шаардык райондор аралык сотунун электр энергиясынын баасын көтөрбөө боюнча чечимин аткарууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө коомдук ишмер Нурбек Токтакунов билдирди.

“Биз, жарандар, энергетика тармагы кошумча колдоого муктаж экенин билип, түшүнүп турабыз. Бирок алгач бул тармактагы коррупцияны жоюуга чакырабыз. Эгер өкмөт Бишкек шаардык райондор аралык сотунун электр энергиясынын баасын көтөрбөө боюнча чечимине каршы чыгып, сот системине басым көрсөтсө, анда бул элге, коомдун кызыкчылыгына сыйдын жоктугунан кабар берет. Андыктан бул маселеге токтолуп, сот көрсөткөндөй жаңы бааны аныктоого, элди кыйын абалда калтырбоого чакырбыз”,- деди ал.  

Кошумчалай кетсек, Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр жана жылуулук энергиясынын тарифин көтөрүү чечимин мыйзамсыз деп таап, токтомду жокко чыгарды. Өкмөттүн токтомуна ылайык, электр жана жылуулук энергиясынын баалары жогорулаган эле. Электр энергиясын 3 фаза менен колдонгон абоненттерге баа мурункудай 70 тыйындан эмес, 1 сом 20 тыйын болуп көтөрүлгөн. Жылуулук энергиясы белгиленген чектен ашыкча колдонбогон тиричиликтик колдонуучулар үчүн 1-июлдан тартып 28,3 пайызга өскөн жана 1 гигакалория үчүн 917,7 сомду түзгөн. Мурун бул баа 715 сом болчу. Ал эми чектен ашыкча пайдаланган абоненттер үчүн жылуулук энергиясы 117,8 пайызга өскөн же гигакалория үчүн 1557,25 сом болуп бекитилген (мурун 929 сом болгон). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан