Аламүдүн районунда 39 жаштагы жаран коңшусун сабап салганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Төмөнкү Ала-Арча айылынын 39 жаштагы тургуну 41 жаштагы коңшусун сабап салган. Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен оор жараат алып, ооруканага жаткырылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.