Бишкек – Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 1-октябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 30-сентябрь күнү Өзгөн районунун аймагында болгон. Анда жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, аңга түшүп кеткен. Анын кесепетинен 31 жаштагы айым каза тапкан. Ошондой эле эки адам оор жараат алып, ооруканага жеткирилген.