Кылмышка шектелип кармалган жаран милиция кызматкерлерине кол көтөргөн

Кылмышка шектелип кармалган жаран милиция кызматкерлерине кол көтөргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 1-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал чала тааныш адам коркутуп акчасын, документтерин алып койгонун айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Б.Р. кармалган. Аны милиция бөлүмүнө алып барышканда ал терезенин айнегин сындырып, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Анын кесепетинен бир милиция кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү мурда 3 жолу соттолгону аныкталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан