
* Мындан 47 жыл мурун, 1967-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту ачылган. Ал республикада алгачкы уюштурулган өлкөбүздүн маданий жана көркөм өнөр мекемелерине керектүү, көп кырдуу билим алган жогорку кесиптик деңгээли бар адистерди даярдоочу жогорку окуу жай болуп эсептелет. Окуу жай Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин 1967-жылы 30-августта кабыл алган №482 “Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтун уюштуруу” токтомунун негизинде ишке ашырылган. 1974-жылы окуу жайга СССРдин Эл артисти Б.Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган.
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы АКШдагы "Ар-намыс" партиясынын мүчөлөрү Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун маңдайында пикетке чыгышкан. Пикет президент Аскар Акаевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында жасала турган билдирүүсүнө байланыштуу уюштурулуп, "ар-намысчылар" Кыргызстандагы укук бузууларга коомчулуктун көңүлүн буруп, Ф.Куловдун түрмөдөн бошотулушун талап кылган плакаттар менен чыгышкан.

* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы Улуттук кардиология борборунун негиздөөчүсү, медицина илимдеринин доктору, академик
Мирсаид Миррахимов 81 жаш курагында көз жумган. Анын сөөгү 5-октябрь күнү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Кардиолог жана коомдук ишмер Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Факультеттик терапия кафедрасында клиника ординатору, пропедтерапия, факультеттик терапия кафедраларынын башчысы, КММИнин илимий иштери боюнча проректору болуп иштеген. 1978-жылдан тартып Кыргызстан кардиология илим изилдөө институтунун директору болгон.