Опузалап пара талап кылууга катышуу фактысы боюнча Жалал-Абад облустук сотунун төрагасына кылмыш иши козголду

Опузалап пара талап кылууга катышуу фактысы боюнча Жалал-Абад облустук сотунун төрагасына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан бүгүн, 2-октябрда билдиришти.

Маалыматтарга караганда, 2014-жылдын 5-сентябрында УКМКнын Антикоррупциялык кызматына Аксы райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу болгон Т.Э. арыз менен кайрылган. Арызда Т.Э. Жалал-Абад облустук прокуратурасынын Т.А. аттуу кызматкери Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Ж.К. менен биргеликте Аксы райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучуга карата компроматтык материалдар бар экендигин айтышып, бул боюнча КРнын Соттор кеңешине Т.Э. аттуу сот төрагасынын милдетин аткаруучуну мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу жөнүндөгү көрсөтмөнү жиберүү менен опузалашып, 10 миң АКШ долларын талап кылышкан.  Кийин облустук прокуратуранын Т.А. аттуу кызматкери алдын ала 3 миң АКШ долларын алган.

УКМКнын тергөө бөлүмү Т.Э. аттуу жарандын арызынын негизинде “опузалап пара талап кылуу”, “пара алуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ушул жылдын 9-сентябрында Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Ж.К. ортомчулук кылып мурда алган 3 миң АКШ долларын кайра кайтарып берип жаткан жеринен кармалган.

Аталган факт боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, материалдарды кароонун жыйынтыгы менен Жалал-Абад облустук сотунун Ж.К. аттуу төрагасына “опузалап пара талап кылууга катышуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан