Нарын районунда жеңил унаа жардан кулап, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында катталган. Анда ВАЗ-2101 унаасы жардан кулаган. Буга айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгон. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.