Бүгүн эртең менен Ош облусунда жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 2-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө саат 07:46 чамасында катталган. Анын очогу Өзгөн шаарынан түндүк-чыгышты карай 30 чакырым аралыкта болуп, зилзаланын күчү эпицентринде 3 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыркагандар жок.