Кыргызстанда акциздик маркаларды жасоо укугун литвалык компания утуп алды

Литвалык "Garsu Pasaulis" компаниясы Кыргызстандагы спирт ичимдиктеринин бөтөлкөлөрүнө жана тамекиге чаптала турган акциздик маркаларды даярдоо укугун тендерден утуп алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Аталган кызматтын билдиришинче, аталган компаниянын акциздик марка чыгарууга болгон шарты бардык талаптарга жооп берет жана сунуш кылган баалары да ыңгайлуу. Бул компаниянын акциздик маркаларды даярдоо жана аларды Кыргызстанга алып келүүгө миң даанасына 12,98 доллар, ал эми тамекиге чапталчу маркалардын миң даанасына 3, 89 доллар төлөнөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан