Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы үй камагына чыгарып жиберген кылмышка шектүү жаран Ош шаарында студент кызды өлтүрүп койгону ачыкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.
Эске салсак, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы "опузалап пара талап кылууга катышкан" деп шектелип жаткан. Ал боюнча материалдарды иликтөөдө буга чейин облустук соттун төрагалык кызматын аркалаган Ж.К. Б.Тавашев аттуу 2 кылмыш ишинде шектелип жаткан жаранды үй камагына чыгарып жиберип калыс эмес чечим чыгарганы ачыкталды. Үй камагына чыгары менен Б.Тавашев из жашырып кетип, ал издөөгө алынган. Кийин Б.Тавашев издөөдө жүрүп, ОшМУда окуган К.Т. аттуу студент кызды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп салып, кайрадан изин суутуп кеткен. Бул боюнча УКМКнын Антикоррупциялык кызматы Жалал-Абад облустук сотунун төрагасына тиешелүү чара көрүү боюнча КРнын Соттор кеңешине атайын маалымат жөнөткөнү белгилүү болду.