Ноокен районунда кызы апасын балталап салды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 30-сентябрь күнү Кочкор-Ата шаарында болгон. Анда 1983-жылы туулган айым бирге жашаган 55 жаштагы апасы М.Кны уктап жаткан жеринен балта менен бетине бир нече жолу чапкан. Натыйжада апасы окуя болгон жерде каза болгон. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 31 жаштагы айым үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктерден улам ушундай жолго барган.
Экөө тең Ноокен районунда жарык дүйнөгө келген. Учурда Орусиянын жараны.