Бишкекте милиция кызматкерин сабаган кытай жарандарынын бир катары камакка алынды

Бишкекте милиция кызматкерин сабаган кытай жарандарынын бир катары камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.

Эске салсак, кечээ тоноочулук боюнча түшкөн арыздын негизинде аймактык милиция кызматкери Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишине барган. Ал жактан курулушта иштеген кытайлык жарандардын бири коомдук жайда тартип бузуп жаткандыгын байкап, аймактык милиция кызматкери ага эскертүү берген. Бирок экөөнүн ортосунда уруш келип чыгып, курулушта иштеген башка кызматкерлер да милиция кызматкерин ур-токмокко алып башташкан. Кытайлык жарандардын бул учурда мас экендиктери байкалган. Милиция кызматкери жакын жердеги кафеге качып кирип, ал жактан шаардык милицияга телефон чалган. Кытай жарандары кафеден милиция кызматкерин арачалап калмакчы болгон жаранды да сабап салышкан. Кийин укук коргоо органдары келип, тартип бузгандар Ленин РИИБине жеткирилген. Андан соң кармалгандардын арасындагы 10 кытай жараны камакка алынган. Аталган окуя боюнча бардык материалдар административдик чара көрүлүү үчүн Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
aidai88
2014-10-02 13:16:45
Калганына не болуптур?
+2
92nuraaly
2014-10-02 13:17:55
Акчага алданбастан мыйзам турундо иштешсе экен эми.
+2
ermek87kg
2014-10-02 13:59:35
Эч качан мыйзам турундо иштебейт биздин укук коргоо органдары эгер мыйзам турундо иш алып барышса кытайларды 2-жылдан 5-жылга чейин камаш керек.
-2
doni89
2014-10-02 14:16:33
Мыйзам турундо иштебесе куч органдарыбыз ушинтип башка улутардан сабалып журо беретер оз мекенинде бул деген просто пазор бул жакта туруп куйуп кетесин...кытайлар зор болуп кеткенби дейм е? Камап салыш керек темболье милиция кызматкерин сабаптыр.
+1
Lintel
2014-10-02 14:25:11
кенже лейтенант ушул аймака инспектор болуп дайындалганда, Уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү башкы башкармалыгынан телефон чалып, курулушта жүргөн кытайларга тийишпөөсүн талап кылган. Себеби эмнеге ким тушундуруп берет
+1
Jiide.8792
2014-10-02 14:41:34
административный эмес эле уголовный болуп калганго мамлекет адамын сабап.
-1
Frunze1
2014-10-02 14:57:03
Кыргыздарда намыс калбаптыр, .... уйду коногу башкарат дейт, Кыргызстанда кыргыздар экинчи планда калып олкону кытай, турк, озбектер башкара турган заман келди, милиция, министрлер акчанын кулу, аларга баары бир, аалам тегиз...
+3
Ganibal87
2014-10-02 15:47:39
Облава кылып бут кытай жарандарын ушул швлтоо менен мыйзамсыз жургондорун депорт кылып салыш керек москвада кандай гана кордук корушот кыргыздар
+3
rayana.1
2014-10-02 19:54:45
Супер сураныч соттун чечими чыкканча жазгыла.
+1
maksymtegin
2014-10-02 20:58:01
административдик чара эмес кылмыш ишин козгош керек болчу себеби бийлик органына кол көтөрүшүп жатышпайбы
+1
tengara
2014-10-02 21:08:57
Myna kyzyk...
+1
OTYPBARATYPELEEE
2014-10-02 21:42:27
Ошол тартип бузган келжиреген мас кытайдын баарын депортация кылып, айдап жибериш керек кытайына. Ошол Кытайында кырчылдашып ичип мас болуп биринин этин бири жей беришсин.
+2
demo009
2014-10-02 22:49:27
оздорунун мыйзамында,кандай болсо ошондой жазалаш керек.
+2
Jamalym
2014-10-03 01:13:47
Бул али башталышы.Булар кобойушуп алгандан кийин мындан да жаман болот.Ошондуктан эртерээк "ойгонуп" алдын алыш керек.
0
mr.juma
2014-10-03 15:22:06
Даа кыргызым уголовный преступление болуп жатса адмнистративный деп .каратып туруп законду бузуп адмнистративный дело ачып жатат. Милицияны ургандыгы учун Москвада куйоосун омур бою катынын 25 жылга турмого тыкты. Анан кантип милициябыз бизди коргойт. Озун озу коргой албай жатса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан