Шамиль Атаханов: “Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө тиешелүү делген курал табылды”

Ош шаарында кылмышкерлердин огунан каза тапкан милиция кызматкери Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө тиешелүү делген курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ички иштер министри Шамиль Атаханов журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. "Ички иштер министринин орун басары Болот Абакировдун жетекчилигиндеги кылмышты иликтөө иши ыкчам жана сапаттуу жүргүзүлдү",- дейт Атаханов. Эскерте кетсек, 11-январь күнү 35 жаштагы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди кызматтык унаасы менен үйүнө келген учурда белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Ал эми 17-18-январда Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектүү делип азиат улутундагы 4 адам кармалгандыгы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан