Кыргызстанда 55 жаштан 64 жашка чейинки курактагы карылардын 52,6 пайызы жумуш менен алектенишет

Кечээ, 1-октябрь - Карылар күнүнө карата “HelpAge International” уюму түрдүү өлкөлөрдө карылардын турмуш шартына байланыштуу өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Рейтингди түзүүдө уюмдун мүчөлөрү түрдүү өлкөлөрдөгү карылардын материалдык камсыз кылынганын, ден соолуктарын, жумушка жарамдуулуктарын жана коомдун аларга кылган мамилелерин эске алышкан. Бул рейтингде Кыргызстан 96 мамлекеттин ичинен 49-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Айсулуу Камчыбекова билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында акыркы көрсөткүч боюнча 65 жаштан жогорку курактагы жарандардын 100 пайызы пенсия алышат. 55 жаштан 64 жашка чейинки курактагы жарандардын 52,6 пайызы эмгек ишмердүүлүгүнө катышып келишет. Ал эми коомдун аларга болгон мамилесин аныктоо үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан карылардын 82 пайызы “Кыйын кырдаалда кайрыла турган адамдар барбы?” деген суроого “ооба” деген жооп кайтарышкан.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан