Бишкектеги “Рахат Палас” соода борборунда ок атылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, соода борборунун коопсуздук кызматы ал жерде ишкерлик кылган жарандарга бир нече айдан бери төлөнбөй жаткан ижара акысын берүүнү айтышкан. Сөз ортосунда коопсуздук кызматы менен аталган жарандардын ортосунда уруш чыгып, ишкерлердин бири травматикалык тапанча менен эки жолу асманга атып жиберген.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.