Бишкектин мэри: "Мен биринчи мугалимимди эч качан унутпайм"

Бүгүн, 2-октябрда Бишкекте Мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чарада шаардын мэри Кубанычбек Кулматов борбор калаанын мектеп мугалимдерин майрамы менен куттуктады. "Мугалимдик - бул эң урматталган кесип. Эгер ата-эне баланы багып өстүрсө, мугалим окууну, жазууну үйрөтөт. Мен эч качан биринчи мугалимимди унутпайм. Кичинемде бала бакчага барбагандыктан, чоң кишилер менен сүйлөшүүдөн уялчумун. Биринчи сабагыма барганымда класска кирбей сыртта турсам, мугалимим колумдан жетелеп киргизген. Ушул окуя эсимде сакталып, терең таасир калтырган",- деди мэр.
Андан соң мэр бардык мугалимдерге ден соолук, жумушуна ийгилик жана сабырдуулук каалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kamarik
2014-10-02 16:39:22
иштеген иши корунбойт ушунун
+1
baiysh0704
2014-10-03 06:41:39
Кысталак Сариев ТС боюнча ар нерселерди айта баштады го,продукта 10,15% которулот,бензин кымбаттайт,калган кыйынчылык болсо мен жооп бербеймин деп.Ушул бийликтеги ман баштар ылайым онбой калгыла каргыш тийсин силерге,жонокой элдин тагдыры менен эч эсептешбей иш кыласынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан