“Чаткал өнүктүрүү фондунун” жетекчиси "2 миллион сомдон ашык акчаны жеп салган" деп айыпталууда

Жалал-Абад облусунда “Чаткал өнүктүрүү фонду” коомдук бирикмесинин жетекчиси “кызмат абалынан пайдаланып, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган фонддун жетекчиси башкы эсепчи менен ич ара сүйлөшүп алып, 2013-жылдын апрель айынан бери кассадан 2 миллион сомдон ашык акча каражатын өзүнө чегерип алган.

Айта кетсек, “Чаткал өнүктүрүү фонду” Чаткал райондук администрациясынын алдында түзүлгөн.

Ошондой эле 2012-жылы дагы аталган эки кызматкер "239 миң сомду менчиктеп алышкан" деп айыпталышып, кылмыш иши козголгон. Бул боюнча сот өкүмү чыгып, аларга айып пул салынган.

Бирок сот өкүмүнөн кийин дагы аталган кызматкер фонддогу жетекчилик кызматын уланта берген. Ал эми райондук администрация тарабынан эч кандай реакция болгон эмес.

Учурда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” жана “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан