Сокулук айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары “кызмат абалдарынан пайдаланышып, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланышкан” деп айыпталышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-2014-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары таштанды чыгаруу үчүн “Сокулук” коммуналдык-коммерциялык ишканасына 861 миң сом акча каражатын которушкан. Бирок таштандыларды чыгаруу үчүн жергиликтүү тургундар өздөрү төлөшөт. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, өткөн жылы аталган аймактагы көп кабаттуу 11 үйдүн тургундары таштанды үчүн болгону 4 миң сом төлөшкөн.