Жалал-Абад облусундагы райондордун биринин жарандык абалдын актыларын жазуу (ЗАГС) бөлүмүнүн кызматкери "кызматтык жасалмачылыкка барган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкер М.Т. аттуу жаран менен бирге мыйзамсыз иш-аракеттерге барып, өспүрүмдүн фамилиясын өзгөртүп, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып беришкен. Бул учурда ата-эненин биринин макулдугу болгон эмес.
Учурда “кызматтык жасалмачылык” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.