"Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку башчысы
Динара Сагынбаеванын Улуттук госпиталдын башчысы кылып дайындоо аракеттери жүрүп жатат" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда
SUPER.KG порталына аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Улуттук госпиталдын толук ыйгарым укуктуу башчысы бар, бирок ал ден соолугуна байланыштуу өргүүгө чыккан.
Эскерте кетсек, 24-сентябрда Д.Сагынбаева кызматынан кетүү тууралуу арыз жазып, президент Алмазбек Атамбаев анын арызына кол койгон.